BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Top Story – Kyrgyz
Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу
Орусияда күйүүчү майга болгон баалар кайрадан көтөрүлдү. 2021-жылдын башынан бери бензин менен дизелдин баасы 2-3% өстү. Бензиндин кымбатташы күйүүчү май кризисине алып келип, анын кесепетинен социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн деп эскертти Эсеп палатасы.
Тема боюнча башка макалалар
Бийлик алмашкан сайын жаңыланган Конституция: азыркысы жана мурункулары
Кыргызстан 10-январда өткөн референдумда 81% добуш менен президенттик башкаруу формасын тандап алды. Андан кийин атайын Конституциялык кеңешме түзүлүп, президенттик башкаруу формасына ылайыкталган Баш мыйзамдын долбоорун даярдады.
Өзүнүн бир тууган инисин бычак сайып өлтүргөн өспүрүм
Бишкекте "Мурас-Ордо" жаңы конушундагы баланы өлтүрүү кылмышына шектүү адам кармалды. Он алты жаштагы өспүрүм өзүнүн 12 жашар оорулуу иниси менен уруша кетип, аны бычактап салганын айтып көрсөтмө берүүдө.
"Дарактан күбүлгөн жалбырак сыяктуу": сириялык качкындар, он жылга созулган согуш
Он жылдан бери токтобой жаткан Сириядагы куралдуу жаңжал жүз миңдеген кишинин өмүрүн алды. Миллиондогон кишилер ата конушуна кайтып бара албай, дүйнөнүн булуң-бурчунда мусаапырга айланды. Сириялыктар согуштун азап-тозогун эскеришет.
Жер бетинде калган тырык: кен байлык издеген адамзат
Дүйнөдө электрондук жабдык, мунай жана кен байлыктарына болгон талап өскөнү планетанын булуң-бурчунда кейиштүү издерди калтырды. BBC Future программасынын атайын берүүсүндө кен байлыктарын казуу Жер планетасына жана жаратылышка кандай таасир этип жатканы так көрсөтүлөт.
Вашингтондун соода чектөөсү, Москва элчисин артка чакырды
АКШ президенти Жо Байден америкалык шайлоого кийлигишкени үчүн орусиялык кесиптеши Путин жооп бере турганын билдирди.
Дубай: жаан-чачынды пайда кылган дрондор
Дубайда булуттарга учуп барып, электр кубатынын жардамы менен жаан-чачынды пайда кылган дрондор сыналат.
Шинжаңдагы куугунтук: британ компаниялары сынга кабылды
Британиянын депутаттары жергиликтүү компаниялар Шинжаңда уйгур жана башка азчылыктары мажбурлоо жолу менен ишке тартылып жатканына көңүл бурбай келишкенин сынга алды.
Жерүйдүн алтын фабрикасы
Бүгүн Таластагы Жерүй кенинде алтын ылгоочу фабриканын ачылышына президент Садыр Жапаров барып катышат, ал эми орус президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында күбө болуп, куттуктоо сөзүн айтат.
Коронавирус
Жапырт эмдөө: "Менин өлкөмө вакцина качан жетет?"
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жапырт эмдөө жараяны жүрүүдө. Көпчүлүк "менин өлкөмө вакцина качан жетет" деген суроону жолдоп жатат.
Covid-19: Вакцина бизге качан жана кантип жетет?
Дүйнө жүзү боюнча окумуштуулардын катуу аракетинин натыйжасында коронавируска каршы бир катар вакциналар иштелип чыкты, алар дүйнөдөгү аялуу кишилерди Covid-19дан коргошу керек. Бул вакцина лабораториядан бейтаптын организмине өтө кыска аралыкта кантип жеткирилет?
Коронавирусту көчөдөн жуктуруп алууга мүмкүнбү?
Глобалдык пандемияны жараткан SARS-CoV-2 коронавирусу жабык имараттарда эң көп жугуп жатканы далилденди. Вирусту көчөдөн жуктуруп алуу коркунучу канчалык?
Коронавирустун дүйнөгө жайылышы: жаңыланып турган карта
Карта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына негизделген. Кайсыл бир өлкөнүн акыркы маалыматтары камтылбай калышы мүмкүн.
Угуу, "Дүйнө Чабыт": мамлекеттик кызматкерлер үчүн сынактар эмнени камтышы керек?, Узактыгы 7,03
Кыргызстанда район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү башталды. Сынак 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.
Видео, Кыямат сыяктуу: Бээжинди каптаган кумдуу бороон, Узактыгы 1,21
Кытайдын баш калаасы Бээжинди тарыхтагы эң кубаттуу кумдуу бороон каптап, жүздөгөн учак каттамдар токтотулду.
Угуу, М. Мырзабаев: реабилитациялоодо психологиялык жана идеологиялык багыт маанилүү, Узактыгы 6,24
Кыргызстан Ирактан өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко кошулган жарандардын балдарын мекенине кайтарды. Атайын уюштурулган учак менен 79 бала Бишкекке келди.
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын соңку кабарларды талдаган радио берүүсү.
Видео, "Сапар": Кыргызстандан кеткиси келген жаштар, Узактыгы 30,02
Көптөгөн жаштар чет өлкөгө кетсем деп кыялданат. Аларды Америка, Европа өзүнө тартууда. Канткенде Кыргызстан жаштар үчүн кызыктуу өлкө боло алат?
Видео, "Сапар": Кыргызстандын Кытайга карызы, Узактыгы 30,00
Ушул күндөрү кыргыз коомчулугу өлкөнүн Кытайга болгон карыз маселесин улам көтөрүүдө. Абал ошончолук оорбу же маалымат жетишсизби?
Видео, САПАР: Жыл жыйынтыгы, Узактыгы 30,00
САПАР: Жыл жыйынтыгы
Видео, "Сапар": Коронавирус дүйнө боюнча өндүрүшкө чоң зыян алып келди, Узактыгы 29,34
Коронавирус пандемиясы дүйнө боюнча өндүрүшкө чоң зыян алып келди. Маселени Бангладештин жана Кыргызстандын мисалында айтып беребиз.
Сириядагы согушка он жыл: урандыга айланган шаарлар, азган-тозгон эл
Мындан он жыл мурун сириялыктар демократияны талап кылып көчөгө чыккан. Бирок анын ордуна согуш жана талкаланган өлкөнү алышты. Бийликте мурдагыдай эле авторитардык башкаруучу.
"Мээрим" миссиясы: Ирактагы согуш лагеринен кайтарылган балдар
Иракта террордук топторго кошулуп кеткен кыргыз жарандарынын 79 баласын Бишкекке алып келишти. Бул өмүрү жана ден соолугу коркунучта калган балдарды куткаруу боюнча Кыргызстандын биринчи гуманитардык операциясы болуп калды.
Күйүүчү майдын баасы дагы өстү
Кыргызстанда күйүүчү май баасынын өсүшү токтогон жок. 16-мартка карата АИ-92нин орточо баасы 43 сом 80 тыйын, дизелдик отундуку 41 сом 30 тыйын болду.
АКШ: коронавируска антитулку менен төрөлгөн ымыркай
Флорида штатынын педиатрлары Пол Гилберт менен Чэд Рудник жаңы төрөлгөн ымыркайдын канынан Covid-19дан коргогон антитулку аныкталганын ырастады.
Самат Ураңкай: "Сынган миллионду" эч кимди жамандабай, мактабай жаздым
Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык Самат Ураңкай соңку жылдары коомдо, саясатта болуп жаткан көрүнүштөрдү куйкум сөз менен түрмөк кылып жазып келет. Ал жазгандарын коомдук сайттарга жарыялап, өз окурмандарын топтоого жетишти.
Блог: Кишинин мээси качан толук кандуу жетилет?
Илимий изилдөөлөр өспүрүм куракта алдыңкы мээ толугу менен жетиле элек абалда болорун далилдеди. Мээнин бул бөлүгүнүн эң тездик менен өнүккөн чагы - 18-23 жаштын аралыгы экен.
Марста жашоо барбы? Дүйнөнүн таң калтырган сүрөттөр
Американын космос агенттиги - НАСАнын "Персеверанс" роботу Марстын экваторуна жакын "Езеро" деп аталган кратерден көз жоосун алган сүрөттөрдү салып жатат.
Бишкектеги "Аялдардын тилектештик маршы". Сүрөт
Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте "Аялдардын тилектештик маршы" өттү. Жүрүшкө чыккандар аялдар укугуна байланышкан чакырыктарды кармап чыгышты.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.
Өзбекстан: Сох маселеси жана анын таржымалы
Сох району Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстанга караштуу анклавдын эң чоңу жана эң машакаттуусу. Район 325 чарчы километр жерди ээлейт. Жетимиш миңдин айланасында тургуну бар деген маалыматтар бар.
Доордун алмашуусу: Меркелдин саясаттагы сапары аяктоодо
Германиянын "түбөлүктүү" канцлери саналган Ангела Меркелдин партиясы жергиликтүү шайлоодо эки маанилүү аймакта жеңилди. Адистер муну сентябрь айында өтө турган парламенттик шайлоодогу алдын ала жыйынтык катары баалады.
Анклавга кеткен жол жөнүндө жоромолдор
Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эң көп талкууланган маселе Өзбекстанга караштуу Сох анклавы жөнүндө болуп жатат. Кыргызстан бул анклавга коридор берди деген кабар тарап кетип талкууланып аткан чакта, аны төгүндөгөн расмий билдирүү тарады. Көп жылдардан бери чечилбей келаткан анклавдын тагдыры боюнча Ташкентте чыккан бүтүмдүн айланасында жоромол-божомол социалдык медиада курчуп турган убак.
"Грэмми" cыйлыгын утуп, Токаевдин алкоосун уккан казак жигити
"Жылдын мыкты ремикси" категориясы боюнча "Грэмми" музыкалык сыйлыгын 20 жаштагы казакстандык Иманбек Зейкенов жеңип алды.
Черчиллдин көсөмдүгү жана бийликтин текеберчилиги
Черчиллдин Вестминстер коллежиндеги 15 мүнөттүк мүнөттүк ошол кебинде кылым бою адамзатты түйшөлтө турган маселелерди козгогон келет. Ал эскерткен проблемалар реалдуулукка айланып, аны кооптондурган коркунучтар алигиче актуалдуу.
Ооганстан: кыздарга коомдук жайда ырдоого тыюу салындыбы?
Ооганстандын Билим берүү министрлиги 12 жаштан улуу кыздардын коомдук жайда ырдаганына тыюу салынганын текшерүүдө. Буга чейин баш калаа Кабулда Билим берүү министрлигинин өкүлү билдирүү жасап, мындан ары кыздар коомдук жайда ырдабайт деп жарыялаган.
Борбор Азия: Ташкент-Бишкек мамилеси кандай өнүгөт?
Президенттер "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу боюнча дагы сүйлөшкөн. Бул жол эки мамлекеттин тең кызыкчылыгына туура келет деп айтылды. Бирок бул темир жолду куруу идеясы көп жылдан бери ордунан жылбай келүүдө.
Пандемия менен күрөштө аялдардын түйшүгү эки эсе оор
Коронавирус эпидемиясы бүткүл дүйнөгө жайылып, пандемия деп жарыяланганына бир жыл болду. Ага каршы күрөшүүдө аял медкызматкерлерге эки эсе оор түйшүк түштү.
Баяндаманы талдоо
Жакшыны жакшы деп, жаманын түшүндүрүп туруу, кабарчынын чыгармачыл өнүгүүсүнө шык берет.
Өзгөчөлүү журналистика
Биз жазган материалыбызга оригиналдуулук алып келүү үчүн журналисттик иликтөөлөр жана түшүнүктүү, жеңил жазуу ыкмаларын өздөштүрсөк болот. Социалдык медиа жана коммуникация өнүккөн заманда бул өзгөчө маанилүү.
Көз карандысыздык
Ишенимге ээ болуш үчүн көз каранды эмес болууңуз шарт. Аудитория алдындагы милдетинен улам Би-Би-Синин журналисттери өз тыянактарына өз алдынча келгенин көрсөтө билиши керек.